“Тарыхтан Таш баян” эстелигинин жана эс алуу сейил багынын ичи тазаланып, сырдоо иштери жүргүзүлдү.
24-август күнү Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн, “Таза-Айыл” муниципалдык ишкананын, “Үй бүлөнү жана балдарды колдоо Борборунун “ кызматкерлеринин жана Асылбаш айылынын тургундарынын катышуусунда “Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына” арналган “Ырыс алды-ынтымак” аттуу акция уюштурулуп, Асылбаш айылындагы “Тарыхтан Таш баян” эстелигинин жана эс алуу сейил багынын ичи тазаланып, сырдоо иштери жүргүзүлдү.