You are currently viewing Эл менен жолугушу.

Эл менен жолугушу.

Эл менен жолугушу.

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жаңы дайындалган башчысы Т.Э.Бектемиров айыл аймактагы: Арал, Алыскы-Арал, 1-Май, Төш-Булак жана Асылбаш айылдарынын тургундары менен жеринде барып таанышуу-жолугушуу өткөрүп, айылдагы көйгөйлүү маселерди тургундардын оозунан угуп, сунуштарын кабыл алып, чечиле турган маселер боюнча жообун берип, айрым иштердин кийинки жылдарга планга коюла тургандыгы жөнүндө түшүндүрүп берди.

Ошондой эле, айыл өкмөт башчысы менен кошо барган айыл өкмөттүн кызматкерлери айыл тургундарына: салыктын түрлөрү боюнча маалымат берип, төлөмдөрдү 1-сентябрга чейин төлөө керектигин айтып, элдин ыңгайлуулугуна карап бир жумада бир күн кызматкерлер айылдарда отуруп төлөм кабыл ала тургандыктарын айтып өтүштү.

“Үй бүлө мүчөлөрүнө, балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу, болтурбоо” боюнча жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын үйүндө, атайын имараттарда уюштуруу боюнча айыл тургандарына кеңири маалыматтар берилди.

Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө жана башка маалыматтар берилди.

Т.Бектемиров айылдардагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын абалы, кыш мезгилине даярдыктары менен таанышып, алмаштыруу жана оңдоп-түзөө иштери талап кылына турган от казандарынын эсебин алып, чечүү жолдорун уюштурууда.