2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу Сокулук жана Туюк чакан гидроэлектростанцияларынын (ГЭС) ачылыш аземине катышты.
Ачылыш аземинде мамлекет башчысы өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүү, аймактарды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана чакан ГЭСтерди куруу багытындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле бул сыяктуу долбоорлор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошоору айтылды.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, энергетика тармагынын адистери жана айыл тургундары катышып, жаңы ГЭСтердин ишке берилиши менен электр энергиясынын жеткиликтүүлүгү жогорулап, жаңы жумуш орундар түзүлөрү белгиленди.
