Окуучулар арасында укук бузууларды, бейбаштыкты алдын алуу боюнча райондук ички иштер жүргүзүлүдө.
9-10-сентябрь күндөрү Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагындагы М.Асанканова атындагы жана Сокулук №2 орто мектебинде Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким И.А. Ташкуловдун тапшырмасын аткаруу максатында окуучулар арасында укук бузууларды, бейбаштыкты алдын алуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инпекторунун катышуусунда окуучулар менен түшүндүрүү,сүйлөшүү иштери жүргүзүлдү. Мындай иш чаралар айыл өкмөттүн, «Үй бүлөнү жана балдарды колдоо Борборунун» кызматкерлеринин жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн катышуусунда айыл аймактын башка мектептеринде да улантылат.